ОШМУНУН МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИ СЫЙЛАНДЫ

  • 17.11.2018
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан Ош улуттук драма театрында 17-ноябрь – студенттердин эл аралык күнүнө карата “Жылдын мыктылары — 2018” ОшМУнун алдыңкы студенттерин сыйлоо аземи  жана “Студенттик шайыр тапкычтар клубунун” финалдык беттеши болуп өттү. 

Аземде ректор Каныбек Исаков студенттерди майрамы менен куттуктап, жобонун негизинде факультеттерден, колледждерден мыкты деп тандалып алынган 21 студентке  ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин стипендиаты деген сертификаттарды жана 5000 сомдон акчалай сыйлыктарын  тапшырды.

Ошондой эле  ОшМУда жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан тарбия иштерин стимулдаштыруучу конкурсунун жеңүүчүлөрүнө “ОшМУнун мыкты жаштар комитети”, “Жылдын мыкты теле алып баруучусу”, “Жылдын мыкты акыны”, “Алтын калем”, “Алтын үн”, “Мыкты окурман”, «ОшМУнун мыкты спортчу студенти”,  «ОшМУнун илимпоз студенти”, «Жылдын мыкты актеру»,  «ОшМУнун шайыр тапкыч студенти»  сыяктуу  сынактарынын жеңүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды.

ОШМУНУН МЫКТЫ СТУДЕНТТЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Майрамдык салтанаттын  экинчи бөлүгүндө “Студенттик шайыр тапкычтар клубунун” финалдык беттеши орун  алып, майрам ээлеринин маанайын көтөрдү. Жыйынтыгында 1-орунду Индустриалдык-педагогикалык колледжи, 2-орунду – бизнес жана менеджмент факультети, 3-орунду  юридика факультети, 4-орунду Финансы-юридикалык колледжинин командасы багындырып, диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жалпы байге фонду 65 миң сомду түздү.

Бөлүшүү

Комментарийлер