ОШМУНУН КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯЛАРДЫН СЕРИЯСЫН ӨТКӨРДҮ

  • 16.05.2020
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата жарыяланган “Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын” алкагында кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин №2 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасы тарабынан бир канча онлайн конференциялар уюштурулду.

ОШМУНУН КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯЛАРДЫН СЕРИЯСЫН ӨТКӨРДҮ

“Биздин кафедра үч этаптан турган иш пландын негизинде илим жумалыгын өткөрүүнү пландаштырганбыз. 1-этап кафедра мүчөлөрүнүн арасында өттү. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу окутуу процесси дистанттык билим берүүгө өткөндүктөн, даярдаган баяндамаларыбызды иш тажрыйбаларыбыз менен бекемдөөнү колго алдык. Алгач университет тарабынан уюштурулган “Онлайн сабактарды уюштуруунун жолдору” деген темадагы ар түрдүү семинарларга активдүү катыштык. Семинар окуулардын натыйжасында ZOOM платформасы аркылуу онлайн байланышта сабак өтүүнүн жолдорун, ABN, KelBil тиркемелери аркылуу студенттерди окуу-усулдук материалдар менен камсыз кылууну, кайтарым байланышы түзүүдө Google Classruum жана Multiurok программалары аркылуу студенттердин өз алдынча иштерин, тесттин жоопторун алууну ишке ашырдык. Кафедранын социалдык тармактардагы баракчаларын ачтык”, — дейт кафедра башчысы Гулжан Койчуманова.

ОШМУНУН КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯЛАРДЫН СЕРИЯСЫН ӨТКӨРДҮ

2-этапта кафедранын окутуучусу Бермет Закирова “Энелерден эстүү кеп” деген темада вебинарда коомдо эне тарбиялоо коомду тарбиялоо менен барабар экендигин, бала тарбиялоодогу эненин ролу жөнүндө коомдук уюмдардагы активдүү аялдардын башын бириктирген маанилүү иш-чара өткөрдү.

Ошондой эле илим жолундагы өмүрү өрнөк болгон окумуштуулардын бейнесин ачуу, иш-тажрыйбаларын өндүрүштө пайдалана билүү максатында онлайн вебинарлар өттү.  Алардын бири — илим жолунда филологиялык багыттагы өзүнүн чоң мектебин түзө алган, 22 илимдин кандидатын, 4 илимдин докторуна жетекчилик кылган, көптөгөн аспирант, магистранттардын насаатчысы, ОшМУнун ардактуу профессору, ф.и.д., З. Зулпукаров менен өткөн “Илимге карай ийгиликтүү кадам” аттуу конок-лекциясы. Анда устат менен шакирт маселеси, актуалдуу илимий темалар, диссерациялык эмгектер тууралуу кеңири талкуу болду.

9-майда “Тил билги” жогорку автордук мектептин негиздөөчүсү, ф.и.д, профессор Ү.Култаева менен “Сабаттуулукка саякат” деген темада конок-лекция уюштурулду.  Мында вебинардын катышуучулары менен орфографиялык сабаттуулук жөнүндө, билим деңгээлин аныктоонун негизги критерийлери тууралуу кеңири талкуу жүргүзүлдү.

“Ал эми 12-майда т.и.к, доцент А. Мурзакматов менен “Илим жолундагы саякат” деген темада онлайн баарлашууну өткөрдүк. Илимий тема тандоо, жетекчи менен иш алып баруу, илимий макалалары аркылуу бир нече эл аралык проекттерге катышып, Япония, Монголия, Түркия, Кытай, Россия, Тажикстан жана Казакстан мамлекеттеринде баяндамаларын окуган, бир нече гранттардын ээси болууга жетишкен эмгек тажрыйбасы менен бөлүшкөн баарлашуубуз ЖАМУ, КӨУ, БатМУнун филологиялык багыттагы профессордук-окутуучулар жамааты, аспиранттар, магистранттар, студенттер жана областтардагы окуу бирикмелеринин өкүлдөрү, республиканын булуң бурчундагы филолог мугалимдер жана коомдук жарандардын катышуусунда кызуу өттү. Вебинардын жүрүшү видео тасмага жазылып алынып, кафедрабыздын сайтына жүктөлдү. Вебинарларыбыздан алган таасирлер соцтармактарды кызуу талкууну жаратты. Жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттырды.

ОШМУНУН КЫРГЫЗ ФИЛОЛОГИЯСЫ ФАКУЛЬТЕТИ ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯЛАРДЫН СЕРИЯСЫН ӨТКӨРДҮ

3-этабында ОшМУнун 80 жылдыгына карата кафедранын окутуучулары тарабынан бир нече илимий макалалар жазылды. Макалалар кафедранын талкуусунан өткөрүлүп, “ОшМУнун жарчысы” журналына басмага сунуш кылынды”, — дейт кафедра жетекчиси.

Иш-чараларды төмөндөгү шилтемелерден көрүүгө болот:

https://www.facebook.com/groups/1487574318080431/?ref=bookmarks

https://www.youtube.com/channel/UCPuDElGTU4UZOaDBpfaj2vA

 

Бөлүшүү

Комментарийлер