ОШМУНУН КОМАНДАСЫ ЭЛ АРАЛЫК ЖАЙКЫ МЕКТЕПКЕ КАТЫШТЫ

  • 15.09.2020
  • 0

7-11-сентябрда Оренбург мамлекеттик университетинде жыл сайын өтүүчү «Современная российская наука и культура» деп аталган V эл аралык жайкы мектеп онлайн форматта өттү. Ага Ош мамлекеттик университетинин студенттери дагы катышты.

ОШМУНУН КОМАНДАСЫ ЭЛ АРАЛЫК ЖАЙКЫ МЕКТЕПКЕ КАТЫШТЫ

Мектепке Хиросима университетинин (Япония), Эхиме университетинин (Япония), Сантарен политехникалык институтунун (Португалия), Түштүк-кытай педагогикалык университетинин (Гуанчжоу, КЭР), Ташкент мамлекеттик транспорт университетинин (Өзбекстан Республикасы) окутуучулары жана студенттери катышты.

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият, эл аралык мамилелер факультеттеринин студенттеринен куралган команданы академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн башчысы Амиралиев Семетей жетектеди. Муктарбекова Аида, Ширяева Зинаида окуу жай, анын өзгөчөлүктөрү, заманбап билим берүү системасы, инфраструктурасы, студенттерге түзүлгөн мыкты шарттар боюнча презентация жасашты. Нурдинова Айдана, Ормонова Бегимай кыргыз элинин маданияты, каада-салты, жаратылышы, улуттук тамак-ашы, кийимдери ж.б. руханий дөөлөттөрү боюнча айтып беришип, чакан видеоролик көрсөтүштү.

Төрт күнгө созулган илимий жана маданий фестиваль Россия Федерациясынын тарыхы, географиясы, мыйзам-укуктук ченемдери, орус элинин маданий баалуулуктары ж.б. камтылган интерактивдик лекциялар, мастер-класстар, Оренбург шаарына болгон виртуалдык тур менен коштолду.

Бөлүшүү

Комментарийлер