ОШМУНУН КИНОАКАДЕМИЯСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ  «ӨЛҮП ТИРИЛГЕНДЕР» ДРАМАСЫН ТАРТУУЛАДЫ

  • 22.12.2020
  • 0

С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында ОшМУнун Киноакадемиясынын студенттери Ж.Садыковдун «Өлүп тирилгендер» драмасын коюшту.

ОШМУНУН КИНОАКАДЕМИЯСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ  "ӨЛҮП ТИРИЛГЕНДЕР" ДРАМАСЫН ТАРТУУЛАДЫ

Спектаклдин режиссеру, Кыргыз-Түрк факультетинин Киноакадемиясынын окутуучусу, ОУДТнын актеру Кутман Шаршентегинге  университет тарабынан колдоо иретинде бир айлык өлчүмүндө сыйлык акча тапшырылды.

Режиссердун айтуусу боюнча, бул спектакль «Жаңы ысымдар» аттуу республикалык студенттер аралык фестивалга катышуу максатында коюлду.

Киноакадемиянын студенттери жыл сайын Бишкек шаарында өткөн студерттердин «Жаңы ысымдар» аттуу  фестивалында «Эң мыкты дебют», «Эң мыкты актриса» сыйлыктарына га ээ болуп келишет. Быйылкы жылы бул фестиваль пандемия шартын эске алуу менен онлайн  уюштурулат.

ОШМУНУН КИНОАКАДЕМИЯСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ  "ӨЛҮП ТИРИЛГЕНДЕР" ДРАМАСЫН ТАРТУУЛАДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер