ОШМУНУН ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ЖАҢЫ ЭМЕРЕКТҮҮ БОЛДУ

  • 25.09.2020
  • 0

Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Иклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында сегиз колледждин базасында Алдыңкы тажрыйба борборлору түзүлүүдө.

ОШМУНУН ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ ЖАҢЫ ЭМЕРЕКТҮҮ БОЛДУ

Ал борборлордо эксперименталдык билим берүү программаларынын пилотун жүргүзүү жана бир катар башка чараларды көрүү пландалууда, алар кесиптик окутуунун жана билим берүүнүн натыйжалуулугун жакшыртууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, бул борборлордо окуу-өндүрүштүк комплексттерди түзүү пландалууда, алар региондор үчүн артыкчылыктуу адистиктер боюнча  жумуш ордунда окутууну баштоого мүмкүндүк берет. Колледждер заманбап жабдуулар, эмеректер менен жабдылат.

Сегиз  пилоттук колледж үчүн керектүү окутуу жана техникалык спецификациясы менен өндүрүштүк жабдуунун тизмеси түзүлдү, алар азыр окуу жайлардын эксперттик топтору менен макулдашуу этабында.

Азыркы учурда ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин жаңы имаратына эмеректер жеткирилди.

Окутуучу жабдуу ошондой эле 11 кесиптик лицейге жеткирилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер