ОШМУНУН ИЛИМПОЗДОРУ КАЗАКСТАНДА

  • 25.10.2019
  • 0

16-17-октябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында жайгашкан Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде Евразиялык математикалык журналдын 10 жылдыгына арналган «Актуальные проблемы анализа, дифференциальных уровнений и алгебры» аттуу эл аралык конференцияга  ОшМУдан өкүлдөр катышты.

Анда окуу жайдын ф-м.и.д., профессор Дилмурат Турсунов жана анын аспиранттары Максат Орозов, Заур Сулайманов илимий доклад окуп, сертификаттарга ээ болушту. Алар окумуштуулар менен пикир алышып, Евразия улуттук университети менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашып келишти.

Ушул эле жылдын 18-октябрында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн профессор Л.Е. Кривошеиндин 100 жылдыгына арналган “Актуальные проблемы теоретической и прикладной математики” деген аталыштагы конференцияга да катышып келишти.

Бөлүшүү

Комментарийлер