ОШМУНУН ЭКИ СПОРТЧУСУ АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНА ЖОЛДОМО АЛДЫ

  • 19.02.2019
  • 0

Кыргыз Республикасынын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы уюштурган Жеңил отлетика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында 3000 метр аларыкка чуркоо боюнча ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин окутуучусу, бизнес жана менеджмент факультетинин магистранты  Алымкан Жамшитбекова, педагогика жана дене тарбия факультетинин  студенти Максатбек уулу Баястан I орунду ээлеп, 20-апрелде Катар мамлекетинде өтө турган Азия чемпионатына жолдонмо алышты. Ушул эле чемпионатка катышкан педагогика жана дене тарбия факультетинин студенти Урматбек Абдылдаев III орунду ээлеп, диплом менен сыйланды. Машыктыруучусу ОшМУнун окутуучусу Алмаз Казыбеков.

 

ОШМУНУН ЭКИ СПОРТЧУСУ АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНА ЖОЛДОМО АЛДЫ

Спорт жаатында ийгилик жаратып, өлкөбүздүн, ОшМУнун  намысына жараган спортчуларды административдик кеңеште жалпы жамааттын атынан ректор Каныбек Исаков куттуктап, кийинки мелдештерге ийгилик каалады. Ошондой эле университтеттин атынан атайын сыйлыктар берилерин кошумчалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер