ОШМУНУН ЭКИ ФАКУЛЬТЕТИ ШИҢЖАН ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 19.03.2021
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультети жана кыргыз-кытай факультети Кытайдын Шиңжан педагогикалык университети менен илимий долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге кол койду.

Анын негизинде окуу жайлар “Маалыматтар менен аймактар аралык алмашуунун негизинде Борбор Азия өлкөлөрүндөгү экстремалдуу жаан-чачындардын прогнозу” долбоорун ишке ашырмай болду.

ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин деканы Абдурашит Низамиев долбоордун алкагында аймактык климат жана жаан-чачындардын түшүү өзгөчөлүгү боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөрүн айтты. Аны менен катар академиялык алмашуу жана студенттерди окутуу маселелери да каралган.

Бөлүшүү

Комментарийлер