ОШМУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ОРУСИЯДА ИШ САПАРДА

  • 14.02.2022
  • 0

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жетектеген делегация иш сапарын Челябинск шаарындагы жогорку окуу жайлардан баштады.  Түштүк-Урал мамлекеттик гуманитардык педагогикалык университетинин ректору Т.Чумаченко баштаган жамаат менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

Челябинск мамлекеттик университетинде болгон иш сапарда окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору  И.Бычков менен жолугуп, өнөктөштүк орнотуунун маанилүүлүгү боюнча пикир алышып, биргелешкен келишим түзүлдү.

ОШМУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ОРУСИЯДА ИШ САПАРДА

Түштүк-Урал мамлекеттик университетинин жетекчилери менен билим берүү программасына байланыштуу алдыдагы милдеттер, окуу пландагы өзгөчөлүктөр, финансылык академиялык мобилдүүлүк, консорциум түзүп, эл аралык долбоорлорго өтүнмөлөрдү берүү, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Жыйындын соңунда эл аралык мамилелер багыты боюнча кош диплом берүү программасын ишке ашыруу келишимине кол коюлду. ОшМУ Түштүк-Урал мамлекеттик университети менен 2020-жылдан тарта компьютердик илимдер жана математика, аймак таануу, филология багыттары боюнча биргелешкен билим берүү программасын түзүп, кызматташып келет. Бул адистиктерге тапшырып окуп жаткан студенттер эки окуу жайдын тең дипломдорун алышат.

ОШМУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ОРУСИЯДА ИШ САПАРДА

Делегациянын иш сапары Екатеринбург шаарындагы окуу жайларда да уланат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер