ОШМУнун ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КАЗУУда

  • 01.06.2023
  • 0

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде ректор Кудайберди Кожобеков баштаган окуу жайдын өнүктүрүү жана инвестиция боюнча проректору Кубанычбек Токторов, окуу бөлүмүнүн башчысы Ибрагим Атабаев, IT Академиянын директору Айтибек Абдирасулов жумушчу иш сапарында болду.ОШМУнун ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КАЗУУда

Делегация Аль-Фараби музейинде, «Керемет» студенттерди тейлөө борборунда, механика-математика факультетинде жана Экономика жана бизнес жогорку мектебинде болуп, окуу жайдын материалдык техникалык базасы менен таанышты.
Ошондой эле алар  КазУУнун кафедра башчылары менен өткөн жумушчу жолугушууга катышып, университеттин IT инфраструктурасын өнүктүрүү жана билим берүү программалары тууралуу маалыматтарды алышты. Андан ары ОшМУнун делегациясы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ректору Жансейит Туймебаев менен жолугушуп, баарлашты.ОШМУнун ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КАЗУУда
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө КазУУнун ректору конокторго университеттин ишмердүүлүгү, окуу жана илимий-изилдөө иштеринин негизги багыттары, чет элдик өнөктөштөр менен кызматташуу багыттары тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү программалары, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу боюнча мындан аркы кызматташууну талкуулашты.
Белгилей кетсек, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн келген 100дөн ашуун  чет элдик профессорлор жана окумуштуулар сабак беришет. Бишкекте (Кыргызстан) жана Стамбулда (Түркия) аль-Фараби атындагы КазУУнун филиалы ачылган. Жыл сайын КазУУ менен Борбор Азиянын университеттеринин кызматташуу вектору кеңейип, бүгүнкү күндө 30дан ашык келишимдерге кол коюлган. Анын ичинен 12 келишим Кыргызстандын ЖОЖдору менен түзүлгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер