ОШМУНУН ДҮЙНӨЛҮК ТИЛДЕР ЖАНА МАДАНИЯТ ФАКУЛЬТЕТИНЕ 70 ЖЫЛ

  • 29.10.2021
  • 0

Мааракеге карата окуу жайда 29-октябрда “Билим берүүдөгү инновациялар” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияга Франциянын, Германиянын, АКШнын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчилери, онлайн аркылуу катышып куттуктоолорун жолдосо, республикадагы жогорку окуу жайлардан келген коноктор, факультеттин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышышты.

Салтанаттуу аземде сөз сүйлөгөн окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков факультеттин жамаатын маараке менен куттуктап, 70 жылдык тарыхы бар факультет бул жылдар аралыгында өлкөбүздүн ичинде гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчуна мыкты адистерди даярдап чыгаргандыгын белгиледи.

Мааракелик иш-чарада факультеттин 70 жылдык тарыхы камтылган видео баян көрсөтүлүп, “Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетине 70 жыл” деген аталыштагы көргөзмө уюштурулду.

Пленардык жыйында Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов, Индиялык окумуштуу Пармод Кумар, Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Жамол Жалаловдор учурдагы билим берүүдөгү инновациялар багытында баяндама жасашты. Конференция секциялык иштерде уланып, резолюция кабыл алынды. Иш-чара факультеттин таланттуу студенттеринин концерттик программасы менен коштолду.

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети учурда англис, немис, француз, корей тилинен мугалимдерди жана котормо адистерин даярдайт. Учурда факультетти Сабыркуль Калыгулова жетектейт.

Факультет 50дөн ашык чет өлкөлүк билим берүү мекемелери менен тыгыз байланышып, ар кандай эл аралык программаларга катышып келет.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер