ОШМУНУН ЧЕХИЯГА КЕТКЕН СТУДЕНТТЕРИ КАЙТЫП КЕЛИШТИ

  • 11.12.2019
  • 0

Академиялык алмашуу боюнча Чехиянын Батыш Чех университетине билим алууга кеткен Ош мамлекеттик университетинин 11 студенти кайтып келишти. Алар ушул жылдын 4-ноябрында кетишкен.

ОШМУНУН ЧЕХИЯГА КЕТКЕН СТУДЕНТТЕРИ КАЙТЫП КЕЛИШТИ

Чехияда бир ай, 10 күн аралыгында билим алып, тажрыйба топтоп келген студенттерди университеттин административдик кеңешинде жалпы жамааттын атынан куттуктаган окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов студенттердин окууларына ийгилик, чыгармачылык изденүүлөрдү каалады.

Белгилей кетсек, Чехияда билим алып келген студенттердин тамак-ашка жана жатаканага кеткен чыгымдарын келишимдерге ылайык  Батыш Чех университети стипендия иретинде төлөп берди.

Ал эми учурда Батыш Чех университетинде  ОшМУнун төрт студенти, бир магистранты эки тараптуу келишидин негизинде бир семестр окуп жатышат. Батыш Чех университетинин 11 студенти болсо жакында эле ОшМУдан билим алып кетишти.

Бөлүшүү

Комментарийлер