ОшМУнун “БИЛИМ” ЛИЦЕЙИНИН ОКУУ КОРПУСУ АЧЫЛДЫ

  • 11.11.2022
  • 0

“Билим” лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн ысымдарын эл аралык деңгээлде угуп, алар менен сыймыктаналы. Биз бүгүн сиздер билим ала турган корпустун эшигин кандай ачып жатсак, сиздер алган билим өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшүнүн эшигин ачсын!” — деп билдирди Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов , 10-ноябрда ОшМУнун “Билим” лицейинин окуу корпусунун ачылыш аземинде.

ОшМУнун “БИЛИМ” ЛИЦЕЙИНИН ОКУУ КОРПУСУ АЧЫЛДЫ

Ош мамлекеттик университетинин “Билим” лицейи 2012-2013-окуу жылында ачылган. Учурда лицейде 205 окуучу билим алат. Лицейдин 2 окуучусу “Алтын” сертификат, 11 окуучусу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алган.

ОшМУнун ички каражатынан каржыланган окуу корпусунун курулушу 2021-жылдын 15-июлунда башталган. Окуу корпусу 3 кабаттан туруп, бардык окуу кааналар заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган.

Уланбек Мамбетакунов окуучуларга адабияттарды тапшырса, лицейдин окуучулары министрге колго жасалган белектерин тартуулашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер