ОШМУНУН БЕШ ОКУТУУЧУСУ МИЛАН УНИВЕРСИТЕТИНЕН ОКУП КЕЛЕТ

  • 14.02.2023

ОШМУНУН БЕШ ОКУТУУЧУСУ МИЛАН УНИВЕРСИТЕТИНЕН ОКУП КЕЛЕТОшМУнун эл аралык медицина факультетинин беш окутуучусу коомдук саламаттыкты сактоо багыты боюнча  Италиянын Милан университетинен академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында билим алып келет.

Окутуучулар Милан университетинен коомдук саламаттыкты сактоо багыты боюнча  профессор Клаудио Колозионун жетекчилигинде мобилдүүлүктөн өтүшөт. Академиялык мобилдүүлүк жана жайкы мектеп Erasmus+ программасынын HARMONEE долдоорунун алкагында Борбордук Азиядагы өнөктөштөр үчүн англис тилинде уюштурулат.

Мобилдүүлүктүн финансылык чыгымдарын HARMONEE долбоору каржылайт.

Бөлүшүү