ОШМУНУН АЛДЫНДА КАГЫЛГАН “АКЫРКЫ КОҢГУРОО”

  • 28.05.2019
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында 25-май күнү «Билим» лицейинин жана “Ыйман” гимназиясынын “Акыркы коңгуроо” аземи болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Акыркы коңгуроонун” урматына уюштурулган салтанаттуу аземге катышкан окутуучуларды, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерин, окуучуларды  ОшМУнун ректору Каныбек Исаков куттуктады. Ректор өз сөзүндө бүтүрүүчүлөргө алдыдагы мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, өздөрү каалаган окуу жайдан билим алуу менен бирге, келечекте ата-энелеринин, окуткан мугалимдеринин ак эмгегин актаган мыкты кесип ээлеринен болууну каалады.

Бүтүрүүчүлөргө арналган салтанатта мыкты окуган окуучуларга, ата-энелерине мактоо баракчалары тапшырылып, кече концерттик программа менен коштолду.

Быйылкы жылы «Билим» лицейин 42 окуучу, “Ыйман” гимназиясын 18 окуучу аяктап жатат.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын 8-майында «Алтын тамга-2019» жыйынтыктоочу Мамлекеттик аттестациясынын жыйынтыгы боюнча ОшМУнун «Билим» лицейинин 11-«в» классынын окуучусу Мэриниса Жумаева кызыл аттестатынын ээси болгон.

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер