ОШМУНУН АК ХАЛАТЧАН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЖАНА ОРДИНАТОРЛОРУ МЕКЕНГЕ КЫЗМАТ КЫЛЫШУУДА

  • 21.04.2020
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин медицина, эл аралык медицина, дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультеттеринде, медициналык колледждеринде эмгектен 180ден ашуун ак халатчан окутуучусу, 200дөй студенти, ординатору Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Араван райондорунда, Баткен жана Жалал-Абад облустарында обсервацияларда, изоляцияларда, посттордо (аэропорт, чек ара, ж.б.), кабыл алуу пункттарында, санэпидемстанцияларда, медициналык мекемелерде кызмат өтөп жатышат.

ОШМУНУН АК ХАЛАТЧАН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЖАНА ОРДИНАТОРЛОРУ МЕКЕНГЕ КЫЗМАТ КЫЛЫШУУДА

Март айынын аягында ОшМУнун ректорунун тапшырмасы менен окуу жайдын профессорлору, инфекциялык оорулар боюнча мыкты адистер Түгөлбай Мамаев жана Имамназар Тайчиев тарабынан “Коронавирус COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүдөгү алгоритмдик иш-чаралар” деген темада коронавирус менен күрөшүү боюнча врачтардын квалификациясын жогорулатуу семинарлары онлайн уюштурулуп, медицина факультетинин 58 кызматкери атайын даярдыктан өтүштү. Алар учурда, резерв кадр катарында зарылчылык жаралган учурда кызмат көрсөтүүгө даяр турушат.

— ОшМУ мекенге ак кызмат кылган дарыгерлерди даярдаган жогорку окуу жайлардын бири катары коомдон сыртта калбай, элде кандай кырдаал болбосун жамаат менен чогуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Учурда ар бир структура социалдык тармактар аркылуу дарыгерлерге ыраазычылык айткан флешмобдорду уюштурууда. Ошондой эле жамаат бир күндүк эмгек акысынын эсебинен 700 000 сом Ош шаардык мэриясынын атайын эсебине которгон. Дарыгерлер, ординаторлор сиздерге ыраазычылык айтып, таазим этебиз! Өзүңүздөрдү этият кылышыныздарды суранабыз. Ош мамлекеттик университети Сиздерди ар тараптан колдоого дайым даяр, — дейт ректор Кудайберди Кожобеков.

Бөлүшүү

Комментарийлер