ОШМУНУН 85 ЖАШТАГЫ СТУДЕНТИ: БИЛИМ АЛУУ ЭЧ КАЧАН КЕЧ БОЛБОЙТ 

  • 30.09.2022
  • 0

85 жаштагы Мамат Кулматов ОшМУнун эң сыйлуу, кадырлуу студенти. Ал азыр медицина факультетинин кечки бөлүмүнүн фармацевтика адистигинде 1-курста окуп жатат.

ОШМУНУН 85 ЖАШТАГЫ СТУДЕНТИ: БИЛИМ АЛУУ ЭЧ КАЧАН КЕЧ БОЛБОЙТ Аны менен баарлашканыбызда буга чейин ал 76 жашында Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аяктаганын айтты. Жаш мезгилинде болсо, Айыл чарба техникумунда окуп,  агроном адистигине ээ болгон. Айыл чарба багытында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, жаңы уруктарды өндүрүү багытында тажрыйбаларды да жүргүзүп келет.

“ОшМУга 1959-жылы биохимия адистигине тапшыргам. Бирок ошол мезгилдеги турмуштук кыйынчылыктардан улам окуумду таштап койгом. Ар бир адам илимдүү болушу керек. Канча жашта болбосун билим алууга кеч болбойт. Мен элдик табыпчылыкты да өздөштүрүп келем”, — дейт өз сөзүндө.

Үй-бүлөңүз билим алууга болгон кадамыңызга кандай карады деген сурообузга, «Ушул жашыңызда окубай эле коюңуз деген пикирлерин айтышты. Бирок алар менин ичимдегини билишпейт да. Өзүм баарына түшүндүрүп айттым. Апам оорудан улам жаш өтүп кеткен. Ошондо өзүмө сөз берген элем дарыгер болом деп», — деген аксакал, байбичем да илимди танда же бизди танда деген суроо койду дейт жылмайып.
Мамат Кулматов байбичеси менен төрт кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Учурда 20дан ашуун небере, чеберелери бар.

“27 жылдан бери ушул тармакта  окутуучу болуп иштесем, практикамда биринчи жолу улуу жаштагы  ата студентим болуп жатат. Бир чети атаны көрүп сүйүнсөм, бир чети суктандым. Биз буга чейин мындай көрүнүштү чет өлкөдөн гана көрсөк, бизге да келип жатканы мени аябай кубандырды”, — дейт органикалык химия предметинен сабак берген окутуучусу Махира Мирзаева.

ОшМУнун басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер