ОШМУНУН  25 СТУДЕНТИ   ЕВРАЗИЯ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНЕН БИЛИМ АЛАТ

  • 13.09.2021
  • 0

ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору  Замирбек Божонов,   Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев Казакстандын Нур-Султан шаарында жайгашкан  Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алууга аттанып жаткан студенттер менен жолугушту.

2021-2022-окуу жылында бир семестр окуп келүү үчүн Евразия улуттук университетине дүйнөлүк тилдер факультетинен – 8, эл аралык мамилелер факультетинен – 8, юридика факультетинен – 3, Чыгыш таануу жана тарых факультетинен – 2 студент жөнөтүп жатат.

Жыйынга онлайн байланыш аркылуу Евразия улуттук университетинин академиялык мобилдүүлүк боюнча адиси Болат Жагалбаев да катышып, конок студенттерди күтүп жатышкандыгын, аларга бардык шарты бар жатаканадан акысыз орундар даярдалып коюлгандыгын, окуу процессин уюштуруу иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

ОшМУ менен Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети 2018-жылы эки тараптуу келишим түзүп, ошондон бери активдүү кызматташат.  ОшМУдан ар семестрде 30 жакын студент билим алып келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер