ОШМУНУН 24 СТУДЕНТИ ЖУМХУРИЕТ УНИВЕРСИТЕТИНЕН  БИЛИМ АЛЫП КЕЛЕТ

  • 21.09.2021
  • 0

ОшМУнун Кыргыз-Түрк, медицина, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде окуган 24 студенти эки тараптуу кызматташуу келишимдеринин алкагында Түркиянын Сивас шаарындагы Жумхуриет университетинен билим алып келүүгө аттанууда.  

Түркияга жөнөп жаткан студенттер менен окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов жолугуп, студенттерге ийгилик жолдоп, татыктуу билим алып, тажрыйба алмашып, жакшы жүрүп окуп келүүлөрүн каалады. Түркия тараптан  эл аралык байланыштар боюнча жооптуу профессор, доктор  Али Аксу онлайн байланыш аркылуу катышты.

Өткөн окуу жылында аталган университетке медицина факультетинин беш студенти барып, билим алып келишкен.

ОшМУ  Жумхуриет университети менен Эрасмус + программасы аркылуу 2015-жылдан бери кызматташып келет. 2020-жылдын 30-январында окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобековдун Түркияга болгон иш сапарында  Жумхуриет университетинин ректору Алим Йылдыз менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол койгон. Ушул жылдын октябрь айында Алим Йылдыздын ОшМУга келүүсү күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер