ОШМУНУН  24 СТУДЕНТИ  ИСПАНИЯ, ГЕРМАНИЯ,  КАЗАКСТАНДЫН ЖОЖДОРУНАН БИЛИМ АЛАТ

  • 08.02.2022
  • 0

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков,  Эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев Испаниянын Кадис университетине, Германиянын Марбург университетине жана Казакстандын Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча билим алууга жөнөп жаткан студенттер менен жолугушту.

Испаниянын Кадис университетине эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинен үч, эл аралык мамилелер факультетинен бир, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинен бир студент, Германиянын  Марбург университетине математика жана информациялык технологиялар факультетинен бир, Евразия улуттук университетине дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинен алты, Кыргыз-кытай факультетинен төрт, эл аралык мамилелер факультетинен эки, математика жана информациялык технологиялар факультетинен эки, эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинен төрт студент жөнөп жатат.

Жыйынга онлайн байланыш аркылуу Евразия улуттук университетинин академиялык мобилдүүлүк боюнча адиси Болат Жагалбаев да катышып, студенттерге түзүлгөн  шарттар менен тааныштырды.

ОшМУ менен Евразия улуттук университетинин ортосунда 2018-жылы эки тараптуу келишим түзүлгөн, мобилдүүлүк программасынын алкагында ар бир семестрде студенттерге 100 квота бөлүнөт.

Испаниянын Кадис университетине жана Германиянын Марбург университетине студенттер Эразмус+ программасынын алкагында билим алып келишет, студенттер 850 евро стипендия алышат. Ал эми  Казакстандын Евразия улуттук университетине эки тараптуу келишимдин алкагында билим алууга бараткан студенттердин окуусу, жатаканасы да акысыз болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер