ОШМУНУН 13 СТУДЕНТИ ТҮРКИЯДАН АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН ӨТТҮ

  • 14.02.2023
  • 0

ОШМУНУН 13 СТУДЕНТИ ТҮРКИЯДАН АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН ӨТТҮТүркиянын Сивас шаарындагы Жумхуриет университетинен 2022-2023-окуу жылынын күзгү семестринде ОшМУнун 13 студенти академиялык мобилдүүлүктөн өттү.

Алар медицина, дүйнөлүк тилдер жана маданият, математика жана информациялык технологиялар, эл аралык  мамилелер  факультетинин жана  Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин студенттери. Учурда медицина факультетинин эки, математика жана информациялык технологиялар факультетинин бир студенти билимин улантууда.

ОШМУНУН 13 СТУДЕНТИ ТҮРКИЯДАН АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН ӨТТҮ ОШМУНУН 13 СТУДЕНТИ ТҮРКИЯДАН АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮКТӨН ӨТТҮ

“ОшМУ студенттерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген окуу жай. Бул мүмкүнчүлүктөр студенттердин чет өлкөдөгү окуу жайлардан, кайсыл өлкө болбосун ошол өлкөнүн жараны сыяктуу эркин билим алууга шарт түзөт. Биз да ОшМУнун студенттеринин катарында Түркиядагы эң алдыңкы университеттердин бири болгон Сивас Джумхуриет университетинде мобилдүүлүктөн өтүп келдик. Бул мүмкүнчүлүктү өмүрүмдөгү чоң өзгөрүш катары кабыл алдым, анткени учурдагы билимимди дагы бир дегээлге жогорулатууга чоң  тажрыйба болду. Андан сырткары, көптөгөн жаңы адамдар менен таанышууга, достошууга себеп болду”, — дейт дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 3-курсунун студенттери Айдана Ажимаматова.

Ушул эле факультеттин 3-курсунун студенти  Асылбек кызы Батма: “Сивас Джумхуриет университетинин китепканасы өзгөчө экен. Анда бардык тилдеги адабияттарды кездештирүүгө болот, андан сырткары чоң компьютердик залы да бар.   Аталган китепкана эртең менен саат 08:00дөн баштап, кечки 22:00гө чейин иштейт.  Ал эми экзамен күндөрү 24/7 күн бою иштеп, студенттерди жеңил тамак менен камсыз кылат экен. Университеттин студенттер үчүн жатканасы 600 лир, биздин акча менен 3000 сомдун тегереги экен, анын ичинде таңкы жана кечки тамактары кошулган. Стденттер үчүн шарттары аябай жакшы. Убактыңды жана акчаңды үнөмдөп, мыкты билим алууга болот. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу үчүн түрк тилин билүү жана авиа билет алууга каражат жетиштүү болсо болот экен. Мындай өлкөдө билим алууну колдон чыгарбаңыздар демекчимин”,- деген пикирин айтты.

ОшМУ Жумхуриет университети менен «Эрасмус+» программасы аркылуу 2015-жылдан бери кызматташып келет. 2020-жылы ОшМУнун ректору Түркияга болгон иш сапарында Жумхуриет университети менен эки тараптуу кызматташуу келишимине  кол койгон.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер