ОшМУда жаңы окуу имараты бүтүп калды

  • 21.05.2020
  • 0

ОшМУда жаңы окуу имараты бүтүп калды

 

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин курулушу менен таанышып чыкты. Курулуш иштери алга жылып, жакын арада имарат пайдаланууга берилет.

Бул тууралуу аталган колледждин директору, доцент  Олжобай Шаимкулов мындай деди:

— Окуу имараты жер төлөөсү менен кошкондо 4 кабаттан туруп, жыйын зал, аудиториялар, китепкана, актылык зал, электрондук-санариптик лабороторияларды камтыйт. Учурда курулуш иштери тынымсыз жүрүп жатат, жакынкы айларда пайдаланууга берилет.

Бул курулуштун капсуласы 2019-жылдын октябрь айында салынган. Колледж Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү” долбооруна кирген.

— Аталган долбоордун алкагында заманбап, коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзгөн, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана эмгек базарынын талаптарына жооп берген адистерди даярдоо жагынан өзгөчө даремети бар, жумуш берүүчүлөрдүн ишенимин актаган өлкөдөгү алдыңкы колледждердин бирине айланат,- деди окуу жайдын ректору К.Кожобеков.

Учурда аталган колледжде 1500 студент 5 багыт боюнча билим алышууда.

 

Бактыгүл Байтикова, “Кут Билимдин” сырт кабарчысы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер