ОшМУДа “ВЕНГЕР БОРБОРУ» ИШТЕЙ БАШТАДЫ

  • 15.10.2021
  • 0

ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин базасында ачылган “Венгер борборунун” окутуучусу Давид Кирали 14-октябрда окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.

Жолугушууда Венгрия менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык программасынын алкагында Кыргызстандык студенттердин венгер тилин үйрөнүүсүн жайылтуу максатында ачылган ОшМУдагы борбор тууралуу сөз кылышты. Аталган борбор маалыматтык материалдар жана китептер менен жабдылган, быйылкы окуу жылында эл аралык мамилелер факультетинде венгер тили 2-тил катары студенттердин тандоосуна коюлган жана 1-2-курстун тайпалары венгер тилин тандашкандыгын факультеттин деканы Сайкал Ибраимова билдирди.

Учурда эки жылга келишимдин негизинде Венгриядан жөнөтүлгөн магистр Давид Кирали студенттерге билим бере баштагандыгын айтып, окуу жай тарабынан жакшы шарттар түзүлгөндүгүн, студенттердин венгер тилин, маданиятын билүүгө кызыгуусу жогору экендигин кошумчалады. “Венгер борбору” келечекте Венгер жогорку окуу жайлары менен болгон кызматташтыкты бекемдеп, студенттердин Stipendium Hungaricum стипендиялык программасына өтүүсүнө шарт түзөт.

Бүгүнкү күндө Венгриянын Stipendium Hungaricum стипендиялык программасынын алкагында бюджеттик негизде Венгриянын ЖОЖдорунда кабыл алууга 150 квота берилген. Кийинки жылы 400 квота берилүүсү күтүлүп жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер