ОШМУДА ӨТКӨН СЫНАКТА КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ БАЙГЕЛҮҮ КАЙТЫШТЫ

  • 25.10.2021
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин демилгеси менен Ош мамлекеттик университетинде 19-20-октябрда  жогорку окуу жайлардын студенттеринин катышуусунда өткөн “21-кылымдын кадрлары” аттуу студенттик форумда КМУнун студенттери байгелүү кайтышты. 

Иш-чарага университеттин 30 студентти катышып, жалпы 10 окуу жайдын ичинен татыктуу орундарды алышты. Атап айтсак, илимий багытта  студенттер жаңы ачылыштары менен 1-орунду багындырышты.

Текст терүүдө 2-орун, компьютердик графикада 2-орун, пазл чогултуу, чилистен, панелдик талкууда 2-орун, спорттук иш-чараларда шахмат боюнча 1-орун, тогуз коргоол — 3-орун, ал эми валейболдо да 3-орунга ээ болушту. Ошентип, жалпы командалык мелдеште 2-орунду багындырышты.

Физика-математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин студентти Бакыт уулу Расул, жашыруун материалдарды көрүүдө колдонулуучу поляризациондук көз айнек, чыгармасы менен 1-орунга татыды.

Химия биология факультетинин студенти Русланова Баянанын электр учкунду дисперстөө методу менен синтезделген алюмокопозиттин фазалык курамы менен суюк чөйрөнүн жаратылышынан болгон көз карандылыгы иши 2-орунга татыды.

Ал эми карабай туруп компьютердик текст терүүдө Байгоджоев Жакып, физика-математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенти 1 мүнөт 10 секундада текст терип, 2-орунду алды.

Компьютердик графикалык дизайнда иштөөдө Мамажунус кызы Айзада 2-орун, кубик рубик чогултууда Айдарбеков Кудайберди 2-орунду алды.

Ал эми шахмат оюнунда кыздар арасында Таштанбеков Элина жана Таалайбекова Айдай ишенимдүү түрдө 1-орунду багындырышты.

Теннис оюунунан Расулов Шохрукбек дене тарбия бөлүмүнүн студенти 2-орунду багындырды.

Студенттерди Ош мамлекеттик университетинде өткөн иш-чарага И. Арабаев атындагы КМУнун Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректор Жайна Садыкбек кызы жана жаштар иштери бөлүмүнүн башчысы Айдаров Азамат, башкы машыктыруучу Дыйканов Иличбек жетектеп барды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер