ОШМУДА ТЕХНИКАЛЫК БАГЫТТАРДА АДИСТЕРДИ ДАЯРДООЧУ ИНСТИТУТ АЧЫЛАТ

  • 24.04.2024
  • 0

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегациясы Кытайдагы Нанкин технологиялык институтуна барды.

ОШМУДА ТЕХНИКАЛЫК БАГЫТТАРДА АДИСТЕРДИ ДАЯРДООЧУ ИНСТИТУТ АЧЫЛАТ

Окуу жайдан барган делегация институттун жетекчилиги менен жолугуп, кызматташуу келишине кол коюшту. Келишимдин негизинде ОшМУ, «Кыргыз унаа курулуш» компаниясы, Кытайдан Нанкин технологиялык институту, Нанкин транспорттук институту, Нанкин Цзюли групп компаниясы, Өзбекстандан Жизак мамлекеттик техникалык институту, Өзбекстандын транспорт министрлигинин Жизак областынын өкүлчүлүгү биргеликте «Чжэнхэ — Борбор Азия инновациялык стратегиялык кызматташтык Өндүрүш-Университет-Изилдөө-Инновация» борбору түзүлдү.

ОШМУДА ТЕХНИКАЛЫК БАГЫТТАРДА АДИСТЕРДИ ДАЯРДООЧУ ИНСТИТУТ АЧЫЛАТ

Аталган борбор негизинен Борбор Азия аймагында техникалык багыттарда өндүрүшкө керектүү адистерди даярдайт. Көп тараптуу келишимдин негизинде ОшМУда институт ачылып, азыркы учурда эң актуалдуу болуп жаткан кайра калыбына келүүчү энергия булактарынын инженериясы жана технологиясы, маалыматтык инженерия, программалык инженерия, логистика жаатында бакалаврларды даярдоо макулдашылды.

ОШМУДА ТЕХНИКАЛЫК БАГЫТТАРДА АДИСТЕРДИ ДАЯРДООЧУ ИНСТИТУТ АЧЫЛАТ

Жолугушуудан соң ректор Кудайберди Кожобеков окуу жайдын алдындагы студенттердин «Стартап борборунда» болду. Борбор ачылгандан бери 230дан ашуун стартап долбоорлор ишке ашкан. Долбоорлордун ичинен учурда Кытайда ийгиликтүү ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан долбоорлор менен таанышты.

Мындан сырткары, келечекте ОшМУнун «Стартап борбору» менен кызматташуу багыттары талкууланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер