ОШМУДА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ СЕМИНАРЫ ӨТҮП ЖАТАТ

  • 22.09.2021
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин STEM инновациялык колледжинде Талас шаарындагы “Зооветсервис” жоопкерчилиги чектелген уюмунун  польшалык тобунун катышуусунда  тажрыйба алмашуу практикалык семинары башталды. Семинарга STEM инновациялык колледжинин ветеринария адистигинин окутуучулары, студенттери катышууда.

Семинар эхинококкоз ылаңы менен күрөшүү ыкмалары, алдын алуу чаралары жана ылаңдын жайылуусундагы ит-мышыктын ролу, алардын популяциясын көзөмөлдөө ыкмаларына багытталган.

Иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларын акысыз УДИде  текшерүүдөн өткөрүү каралган жана аларга эхинококкоз менен күрөшүү жолдору боюнча маалыматтар берилет.

Семинардын жүрүшүндө студенттер  ит-мышыктарга кастрация жасоонун Польшада колдонулуучу ыкмалары, ошондой эле Мирбек Самсалиев жетектеген Каракол шаарындагы “Эковет” уюмунун адистери тарабынан ценуроз ылаңын айыктыруудагы хирургиялык ыкмаларды практика жүзүндө көрүшөт.

Аталган семинар Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы жана  Каролина Фигель жетектеген “Польшалык ветеринардык фонд” тарабынан ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер