ОШМУДА ТАЗАГҮЛ ЗАКИРОВАНЫН “АКЫНГА МЕКЕН КЕРЕК” АТТУУ ЫРЛАР ЖЫЙНАГЫНЫН БЕТ АЧАРЫ ӨТТҮ

  • 14.04.2023
  • 0

 

ОШМУДА  ТАЗАГҮЛ ЗАКИРОВАНЫН “АКЫНГА МЕКЕН КЕРЕК” АТТУУ ЫРЛАР ЖЫЙНАГЫНЫН БЕТ АЧАРЫ ӨТТҮОшМУда КР эл акыны, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кинодокументалист, драматург, журналист, белгилүү коомдук ишмер, Молдо Нияз адабий сыйлыгынын лауреаты Тазагүл Закированын “Акынга мекен керек” аталышындагы ыр жыйнагынын бет ачары болду.

Иш-чарага ОшМУнун жалпы жамааты, коомдук-саясий ишмерлер жана ыр күйөрмандары катышты.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Тазагүл Закированын көп кырдуу талантына токтолушуп, 75 жаш кутман курагы менен куттуктады.

“Өзгөчө биз Сиздин  Ош мамлекеттик университетинин “Эмгек сиңирген ишмери” наамы, тɵш белгисинин ээси экендигиңизди белгилеп, дайыма сыймыктанып келебиз. Биздин окуу жайга келип, поэзияга ышкыбоз жаштарыбызга дайыма дем берип, акыл-насаатыңызды айтып келе жаткандыгыңызга ыраазычылык билдирем”,-деди.

Кеченин жүрүшүндө «Дүбүрт» студенттик театры тарабынан сахналаштырылган көрүнүштөрдү тартууланып, «Жигер» чыгармачылык борборунун мүчөлөрү тарабынан акындын ырларынан  көркөм окулду. Белгилүү обондуу ырлары жаңырды.

Акын Тазагүл Закированын Ата Мекен тууралуу жазылган 100 гө жакын обондуу ырлары эл арасында ырдалып, Кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталган.  Ош шаары тууралуу жазылган “Ош вальсы”, “Мекеним Кыргызстан”, “Оштон таптым”, “Сулайман тоо”, “Ошум сен, энсеп келчү ыйык шаарым”, “Кусалык” сыяктуу ырларыңыз эл оозунда ырдалып келүүдө.

 

ОшМУнун пресс-катчысы Зинагул Нуралиева

Бөлүшүү

Комментарийлер