ОШМУДА СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 01.12.2021
  • 0
ОШМУДА СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Ош мамлекеттик университетинде “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу VIII аймактык студенттик илимий конференция өттү.

Ага  түштүк аймагындагы  жогорку окуу жайларынан, Ысык-Көл мамлекеттик университетинен алдыңкы студенттер, магистранттар жана алардын илимий жетекчилери, ЖОЖдордун илимий иштер боюнча проректорлору, илим, аспирантура  бөлүмдөрүнүн башчылары оффлайн катышса, Жалал-Абад шаарындагы окуу жайлар, БатМУ, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин айрым окумуштуулары жана студенттери онлайн катышты.

Пленардык жыйында  ОшМУнун студенти Авазбеков Бектурсун  “Ковид-19 менен ооруган бейтаптардын компьютердик томографиясынын маалыматтарынын радиациялык жана дифференциалдык диагностикасы”, БатМУнун Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун студенти Канимет Токсонбаева «Элдик ырлардагы жаш муундарды тарбиялоо идеялары (Сүлүктү жана Лейлек чөлкөмдөрү боюнча)», К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин студенти Актан Айтикулов «Развитие креативной экономики в регионах Кыргызской Республики», Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенти Элнура Жоробекова «Талибан кыймылы жана анын азыркы учурдагы коркунучу» деген темаларда баяндамаларды жасашып, конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти.

Конференциянын иши илимдин бир нече багыттары боюнча иш алып барган 16 секцияда уланды.

“Аймактык студенттик илимий конференция ОшМУда салтка айланган иш-чара катарында жыл сайын өткөрүлүп келет.  Максаты – студенттерди илимий изилдөө иштерине тартуу, алардын билимин тереңдетүү, билгичтиктерин, көндүмдөрүн практикада колдоно билүүгө калыптандыруу болуп эсептелет. Ошону менен бирге бул иш-чара студенттердин идеяларын бириктирүүгө, илимге кызыккан жаштардын байланыштарын жандандырууга өбөлгө түзөт.  Конференцияга 400гө жакын  илимий макалалар түшүп, алар пленардык жана секциялык жыйындарда талкууланды жана мыкты баяндамачыларга дипломдор ыйгарылды”, − деди аспирантура бөлүмүнүн башчысы, конференциянын уюштуруучусу Гүлжамал Анарбаева.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер