ОШМУДА РОБОТОТЕХНИКА ОКУТУУ ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯ БОРБОРУ АЧЫЛАТ

  • 26.03.2024
  • 0

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков  Кытайдын  Jiangsu Huibo Robotics  компаниясынын кардарлар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн директору Ли Ся баштаган өкүлдөрдү кабыл алды.

ОШМУДА РОБОТОТЕХНИКА ОКУТУУ ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯ БОРБОРУ АЧЫЛАТ

Жолугушууда ОшМУда Робототехника окутуу жана лаборатория борбору ачуу, робототехника жаатында  адистерди даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр  жүрдү.  Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ОшМУ менен Jiangsu Huibo Robotics  компаниясынын ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду. Келишимге ылайык жаңы окуу жылынан  Робототехника окутуу жана лаборатория борбору ачылып, аталган адистикке студенттер кабыл алынат.

ОШМУДА РОБОТОТЕХНИКА ОКУТУУ ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯ БОРБОРУ АЧЫЛАТ

Жолугушуунун алкагында, тараптар ОшМУнун №12 кесиптик лицейинде курулуш иштери жүрүп жаткан окуу-өндүрүштүк корпусу менен таанышты. Окуу-өндүрүштүк корпусунун бир бөлүгүнө  Робототехника окутуу жана лаборатория борбору ачылат. Борборго аталган компания тараптан робототехника адистигине ылайык техникалык жабдуулар алынып келинет. Роботехника адистигинде билим алган студенттер эки баскычта билим алат. Биринчи баскычта роботторду үйрөнүшсө, экинчи баскычта робот тетиктерин чогултуу боюнча билим алат.

Jiangsu Huibo Robotics компаниясы 2001-жылы негизделген. Учурда  Кытайдын бир топ шаарларында заводдору, филиалдары, лабораториялары бар. Жалпысынан өндүрүшкө керектелүүчү, завод-фабрикаларда колдонулуучу роботторду иштеп чыгарат. Билим берүү тармагында да бир нече долбоордун үстүндө иштейт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер