ОШМУДА ОКУУ-ИЛИМИЙ ЛАБОРАТОРИЯ АЧЫЛДЫ

  • 12.03.2021
  • 0

11-мартта ОшМУда “Даңк” медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, биология илимдеринин доктору, профессор Бурул Каримова атындагы “Өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгү” окуу-илимий лабораториясы ачылды.

Саамалыкка Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын ректорлору, ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, окумуштуунун жакындары, ошондой эле Казакстан, Өзбекстандан онлайн аркылуу илимпоздор катышып,  профессор Бурул Каримова тууралуу эскерүүлөрүн айтып, баяндама жасашты.

Лаборатория өсүмдүктөрдүн коллекциялары, гербарийлер, акыркы үлгүдөгү микроскоптор, интерактивдүү доска, проекторлор менен жабдылган. Андан сырткары өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча профессор Б.Каримованын мектебинин калеминен жаралган илимий макалалар, журналдар, аныктагычтар, Кызыл китеп, монографиялар, сөздүктөр, усулдук колдонмолор, адабий чыгармалар да камтылган.

Бурул Каримова өлкөбүздө биология багытындагы биринчи болуп доктордук даражага ээ болгон окумуштуу айым. Ал ОшМУда, ОшТУда жетекчилик кызматтарды аркалап, окуу жайлардын өсүп-өнүгүүсүнө  өзгөчө салымын кошкон. Ошондой эле коомдук ишмер катары Ош шаардык кеңешинин  үч жолку чакырылышынын депутаты болгон.

Эки автордук күбөлүк, үч патент, жети монография, беш окуу китеп, бир нече окуу-усулдук колдонмолордун жана 200дөн ашык илимий макалалардын автору болууга жетишкен.

ОшМУ менен тагдырлаш болгон эжекебиз өзүнүн акылмандыгы, зиректиги, айкөлдүгү менен айырмаланган улуу устат наамына ээ болгон. Бурул Каримова эжекебиз 2020-жылы 81 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Бөлүшүү

Комментарийлер