ОШМУда ОКУТУУЧУЛАРДЫН СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ

  • 12.01.2021
  • 0

12-январда Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда спорттун БЕШ түрү боюнча аялдар жана эркектер арасында спартакиада башталды.

Волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык факультетинен жана колледж, лицейлеринен 20 команда катышууда.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков: “Бүгүнкү күндө университетте спортко өзгөчө маани берилип, мыкты шарттар жаралып жатса, ошол эле учурда ар түрдүү мелдештерде спортчуларыбыз жеңишке жетишип, университеттин намысын коргоп келүүдө. ОшМУнун порофессионалдык “Университет-ОшМУ” волейбол клубу жакында эле КРдин чемпионатынын жогорку лигасынын жеңүүчүсү болуп, улуттук лигага жолдомо алды. Биздин спортчу жаштарыбыз дайыма университетибиздин намысын бийик ареналарда коргой беришине тилектешмин. Спартакиадага катышып жаткан командаларга ийгилик каалаймын”,- деди.

Мелдештер 12-15-январда педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин спорт комплексинде, табият таануу жана география факультетинин спорт залында өтөт.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 19-январда болот. Бул жылдагы спартакиаданын байге фонду 60 000 сомду түзөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер