ОШМУДА МААЛЫМАТТАР МЕНЕН ЫКЧАМ АЛМАШУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ТҮЗҮЛДҮ
- 07.04.2020
- 0
Ош мамлекеттик университетинин Дата борборунда иштеп жаткан mail.oshsu.kg почталык серверин колдонуу менен ар бир окутуучунун официалдуу электрондук дареги түзүлдү. Бул тууралуу 6-апрелде өткөн университеттин кезектеги өндүрүштүк он-лайн жыйынында ректор Кудайберди Кожобеков маалымдады.
“Азыркы учурда эл аралык тажрыйбага ылайык университет өзүнүн корпоративдик серверин ийгиликтүү иштетип, ар бир окутуучунун @oshsu.kg дарегин колдонуп иштөөсүн камсыздоосу учурдун талабы. Бул багытта окуу жайда үзгүлтүксүз иштер алып барылууда. Университеттин почталык серверин колдонуу аркылуу @oshsu.kg электрондук дарегин окутуучуларга берүү менен алардын ишмердүүлүгүн заман талабына шайкеш келтиребиз, ошондой эле университеттеги маалыматтарды ыкчам алмашууну уюштурууга кеңири шарт түзүлүп, маалымат коопсуздугун сактоодо да мааниси зор”, — деди ректор.
Бүгүндөн баштап бардык окутуучулар ушул почталар менен кат алмаша башташат. Алар өз даректерин он-лайн режиминде атайын даярдалган системанын жардамында автоматтык түрдө алышты.
Комментарийлер