ОШМУДА КЫРГЫЗ-ТҮРК ФАКУЛЬТЕТИ АЧЫЛДЫ

  • 14.11.2018
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз-Түрк факультети расмий ачылды. Факультет Түркиянын Кастамону университети менен кызматташуунун алкагында ушул жылдын 25-майында негизделген.  

ОШМУДА КЫРГЫЗ-ТҮРК ФАКУЛЬТЕТИ АЧЫЛДЫ

Факультеттин расмий ачылышына Кастамону университетинин ректору Сейит Айдын жана Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин билим берүү боюнча кеңешчиси Режеп Сула баштаган делегация келди. Алар алгач факультеттин кызыл тасмасын кесишип, профессордук-окутуучулук жамаат жана студенттер менен жолугушту. Иш-чаранын экинчи бөлүгү университеттин башкы имаратында уланып, ОшМУ менен Костамону университетинин ортосунда «Кош диплом берүү» боюнча келишимге кол коюлду. Салтанатта Кыргыз-Түрк факультетинин таланттуу студенттеринин концерттик программасы тартууланды.

ОШМУДА КЫРГЫЗ-ТҮРК ФАКУЛЬТЕТИ АЧЫЛДЫ

Келишимдерге ылайык Кыргыз-Түрк факультетинин студенттери эки университеттен билим алып, практикадан өтүшүп, эки университеттин (кош диплом) дипломдоруна ээ болушат. Ошондой эле магистратура, докторантурага тапшырууга да ыңгайлуу шарттар каралган. Келишимде эки окуу жай биргелешкен билим берүү жана илим изилдөө программаларын ишке ашыруу, эл аралык конференцияларды уюштуруу жана тажрыйба алмашуу жумуштарын жүргүзүү боюнча да иштер камтылган.

Аталган факультетте экономика, журналистика (коомчулук менен байланыш жана журналистика иши), туризм (туризм жана мейманкана иши), программалоо инженериясы адистиктеринде 100гө жакын студент билим алууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер