ОШМУДА  ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ  

  • 27.04.2020
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде окуу жайдын ректору К.Кожобеков баштаган окумуштуулардын, магистранттардын, аспиранттардын, Кыргызстандагы башка жогорку окуу жайлардын изилдөөчүлөрүнүн, ошондой эле Венгрия, Россия мамлекеттеринин илимпоздорунун катышуусунда онлайн илимий конференция өттү.

ОШМУДА  ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ  

Негизги баяндамачы катары ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов “Илимий изилдөө усулдары” деген темада доклад жасады. Баяндамадан соң суроо-жооптор берилип, кызуу талкуу жүрдү. Окумуштуулар  илим чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди активдүү талкуулашып, пикир, тажрыйба алмашышып, көп суроолорго чогуу жооп издешти.

ОШМУДА  ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫ ЖАРЫЯЛАНДЫ  

  • Конференцияны жыйынтыктап жатып, ректор К.Кожобеков үстүбүздөгү жуманы университетте “Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгы” деп жарыялады. ОшМУда жыл сайын эл аралык илимий конференциялар, симпозиумдар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Учурдагы кырдаалга байланыштуу илим жумалыктарынын алкагында аймактык, эл аралык  илимий вебинарлар,  видеоконференциялардын  цикли өткөрүлүүдө, — дейт универсиеттин басма сөз катчысы.

Кошумчалай кетсек, 26-апрелде ОшМУнун орус филологиясы факультетинде да  вебинар уюштурулуп, профессор Д. Шаматов тарабынан  “Илимий эмгектерди Scopus, Web of Science  системаларына жарыкка чыгаруу” деген темада баяндама жасалган.

Бөлүшүү

Комментарийлер