ОШМУДА ЫНТЫМАКТЫ БЕКЕМДЕГЕН СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТТҮ

  • 09.12.2019
  • 0

ОшМУда конок студенттерге арналган иш-чаралардын сериясы түзүлгөн. 4-декабрда  ички мобилдүүлүк боюнча сегиз өнөктөш окуу жайдан 2019-2020-окуу жылынын күзгү семестрин окуганы келген студенттер үчүн табият таануу жана география факультетинде спорттун футбол, волейбол, теннис, шахмат, тогуз коргоол түрлөрү боюнча чакан мелдеш уюштурулду.

ОШМУДА ЫНТЫМАКТЫ БЕКЕМДЕГЕН СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТТҮ

Студенттерге интеллектуалдык, маданий билимдерди берүү менен бирге, спорттук оюндар аркылуу аларды сергек жашоого үндөө жана алардын ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулган мелдеш факультеттер аралык №2 дене тарбия кафедрасынын окутуучуларынын көмөктөшүүсүндө өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

ОШМУДА ЫНТЫМАКТЫ БЕКЕМДЕГЕН СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТТҮ

Алар ОшМУнун дипломдору менен сыйланышты. Командалык оюндардын жыйынтыгында волейбол мелдешинде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттеринен куралган команда 1-орунду, футбол мелдешинде Кыргыз-Өзбек университетинин достук командасы  1-орунду  ээлешти. Ал эми мыкты оюн көрсөткөн: футбол боюнча мыкты оюнчу – Кыргыз-Өзбек университетинин студенти Айтбаева Чынара, волейбол боюнча мыкты оюнчу – И. Арабаев атындагы КМУнун студенти Иманалиева Бекзада, тогуз коргоол боюнча мыкты оюнчу – Баткен мамлекеттик университетинин студенти Мурзабек кызы Чачыкей, шахмат боюнча мыкты оюнчу – Баткен мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Айтбай кызы Орозгул, теннис боюнча мыкты оюнчу – Талас мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Дилдебекова Айдай болушту. Жеңүүчүлөр жана мыкты оюнчулар ОшМУнун дипломдору, белектери менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер