ОШМУДА ФЛЮОРОГРА́ФИЯЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ ИШТЕЙ БАШТАДЫ

  • 10.02.2021
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасынын базасында автоматташтырылган заманбап флюорографиялык лаборатория ачылды.

ОШМУДА ФЛЮОРОГРА́ФИЯЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ ИШТЕЙ БАШТАДЫ

Акыркы үлгүдөгү зыяндуулугу аз флюорография аппараты ОшМУнун каражатына Орусиядан сатып алынды. Заманбап лабораторияда бир күндө 60га жакын бейтап текшериле алат.

ОШМУДА ФЛЮОРОГРА́ФИЯЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ ИШТЕЙ БАШТАДЫ

Буга чейин ОшМУнун студенттери, окутуучулары шаардагы башка медициналык мекемелерден кезек күтүп өтүп келишкен. Эми бул көйгөй чечилип, университеттин өзүнүн лабораториясынан акысыз пайдалана баштады.

Учурда окуу жайдын программисттери флюорографиялык лабораториянын маалыматтык базасын AVN автоматташтырылган башкаруу системасына туташтыруунун үстүндө иштеп жатышат.

Жакынкы күндөрү ОшМУнун медициналык клиникасынын базасында көп тармактуу диагностикалык лабораторияны ишке киргизүү пландалып жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер