ОШМУДА ЕВРАЗИЯ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНИН  ФИЛИАЛЫ АЧЫЛДЫ

  • 08.12.2022
  • 0

ОШМУДА ЕВРАЗИЯ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНИН  ФИЛИАЛЫ АЧЫЛДЫ

ОшМУда Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин  филиалы — казак тили жана маданияты борбору ачылды.

Учурда бул   филиалда котормо жана орус тили жана адабияты багыты боюнча  30 студент билим алууда.  Келечекте табият таануу, физика жана IT багыттары боюнча билим берүү программаларынын санын көбөйтүү каралган. Студенттер алгачкы эки жылы Ош шаарында, кийинки эки жылы Казакстанда билим алат.

ОШМУДА ЕВРАЗИЯ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНИН  ФИЛИАЛЫ АЧЫЛДЫ

“Филиалдын ачылышы жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты гана чыңдабастан, өлкөлөр ортосундагы достуктун, кызматташтыктын бекемделишине,  билим берүү жана илим тармагында кызматташууну арттырууга чоң өбөлгө түзөт. ОшМУ өзгөчө статус алган  Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайдын катарында. Учурда беш жыл аралыгында дүйнөлүк рейтингге кирүү аракеттери көрүлүп жатат.  Евразия улуттук университетинин  филиалы да бул иш-аракеттерибиздин бир багыты десек болот. Жакынкы аралыкта аталган университетте ОшМУнун да филиалы ачылат”, — деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

ОШМУДА ЕВРАЗИЯ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНИН  ФИЛИАЛЫ АЧЫЛДЫ

Филиалдын ачылыш аземинен кийин Казакстандын Оштогу консулу Мухтар Карибайдын азыркы кыргыз поэзиясынын казак тилиндеги “Мекеним” аталышындагы антологиясы  презентацияланды.

Евразия улуттук университети QS World University Ranking рейтингинде дүйнөнүн эң мыкты 300 жогорку окуу жайынын катарына кирген окуу жай. Ошондой эле “Изилдөө университети” деген макамы бар.

Бөлүшүү

Комментарийлер