ОШМУДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ: “АДАМЗАТТЫН АЙТМАТОВУ”

  • 03.11.2018
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган “Адамзаттын Айтматову: өтмүш, учур жана келечек” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция 2-ноябрда болуп өттү.

ОШМУДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ: “АДАМЗАТТЫН АЙТМАТОВУ”

Конференцияга  КР Президентинин кеңешчиси Султан Раев, Эл аралык Түрк Академиясынын Президенти, т.и.д., Казакстан УИАнын мүчө-корреспондети, профессор Кадыралы Дархан Куандыкулы, КРУИАнын академиги, Эл аралык Айтматов академиясынын президенти,  ф.и.д., профессор Абдылдажан Акматалиев, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын жогорку окуу жайларынын Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген белгилүү окумуштуулары,  жазуучулар, окутуучулар, өнөр адамдары, студенттер катышты.

ОШМУДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ: “АДАМЗАТТЫН АЙТМАТОВУ”

Алгач конференцияга келген коноктор ОшМУнун короосунда  “Ч.Айтматовдун каармандары сүйлөшөт” аттуу өзгөчө демилге менен даярдалган композицияга күбө болушту. Анда Айтматовдун каармандары Дүйшөн, Жамийла менен Данияр, “Ак кемедеги” Бала, манкуртка айланган Жоламан менен энеси, Раймалы менен Бегимайы минуталык көз ирмемдерде сүйлөшүп, келген  конокторду Айтматовдун ааламына жетеледи. Өзгөчө алгач ирет иштелип чыккан “жаабарс” бийи тартууланды.

ОШМУДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ: “АДАМЗАТТЫН АЙТМАТОВУ”

Андан соң коноктор Ч.Айтматовдун китептеринин жана жазуучуга арналган көркөм сүрөттөрдүн көркөзмөсүнө күбө болушту.

Университеттин салтанат залында залкар жазуучунун чыгармаларын бир композицияга батырган “Ч.Айтматовдун рухий дүйнөсү” деген аталыштагы  студенттер койгон көркөм композиция көрсөтүлдү.

ОШМУДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ: “АДАМЗАТТЫН АЙТМАТОВУ”

Конференцияда драматург, Президенттин кеӊешчиси Султан Раев президент Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоо сөзүн жолдоду. Пленардык жыйында профессор Абдылдажан Акматалиев “Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсү”, Эл аралык Түрк Академиясынын президенти Кыдыралы Дархан Куандыкулы “Ч.Айтматов-Түрк дүйнөсүнүн даанышманы”, Андижан мамлекеттик университетинин профессору Салима Мирзаева “Ч.Айтматовдун өзбек маданиятына тийгизген таасири”, Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору Лайли Үкүбаева “Ааламдашуу доору Ч.Айтматовдун ой жүгүртүүсүндө”, ОшМУнун доценти Сабыр Арстанов  “Каардуу жылдардын каармандары” аталышындагы темаларда баяндамаларды окуду.

Ошондой эле Эл аралык Түрк Академиясынын Президенти, т.и.д., Казакстан УИАнын мүчө-корреспондети, профессор Кадыралы Дархан Куандыкулына “ОшМУнун ардактуу профессору” наамы тапшырылды.

ОШМУДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ: “АДАМЗАТТЫН АЙТМАТОВУ”

Конференциянын соңунда ОшМУнун искусство факультетинин дизайнерлери тарабынан жазуучунун каармандарынын образдарынын негизинде чыгармачылык менен даярдалган “Таазим Сизге-Чыңгыз Ата” деген аталыштагы студенттик коллекция тартууланды.

Зинакул Нуралиева, ОшМУнун басма сөз катчысы

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер