ОШМУДА ДАГЫ ЭКИ ЖАҢЫ ОКУУ ИМАРАТЫНА КАПСУЛА САЛЫНДЫ

  • 22.10.2019
  • 0

21-октябрда ОшМУнун Ак-Буура кампусунда медицина факультеттери үчүн эки кабаттуу эки жаңы окуу имаратынын пайдубалына капсула салынды.

ОШМУДА ДАГЫ ЭКИ ЖАҢЫ ОКУУ ИМАРАТЫНА КАПСУЛА САЛЫНДЫ

Саамалыкка университеттин профессордук-окутуучулук жамааты катышып, окуу имарат ак жолтой болуп, билим ала турган таланттуу улан-кыздардын келечеги кең, жолу шыдыр болушун тилек кылышты.
Аземде ректордун м.а. Кудайберди Кожобеков: «Ош мамлекеттик университетинде 5-6 жыл аралыгында ондон ашуун окуу имараттары курулду. Бул саамалыктар бүгүн да университетте уланып жатат. Октябрдын башында Индустриалдык-педагогикалык колледжи үчүн курулуп жаткан окуу имаратына капсула салсак, бүгүн минтип медицина тармагында билим алып жаткан студенттердин билим алууга болгон шарттарын жакшыртуу максатында эки кабаттуу эки окуу имаратына капсула салып жатабыз. Жакынкы аралыктарда бул окуу корпустарынын жанына дагы бир заманбап типтеги беш кабаттуу окуу имараты түшөт”, — деди.

Аталган окуу имараттардын 1-кабаттарында лекциялык залдар, 2-кабатында адистиктерге ыңгайлашкан, заманбап талаптарга негизделген окуу кааналары орун алат. Окуу имараттары университеттин ички каражатынын эсебинен каржыланууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер