ОШМУДА ҮЧ ТАРАПТУУ КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЮЛДУ

  • 12.07.2023
  • 0

ОшМУда 11-июлда үч тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, Ага Хан Фондунун Кыргызстандагы филиалынын жетекчиси Давлатсултон Доргабекова, Американын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) долбоорлорду башкаруу боюнча адиси Зейнеп Исакова баштаган өкүлдөр катышты.

Иш-чарада үч тараптын байланыштары, алдыдагы пландары боюнча сүйлөшүүлөр орун алып, өз ара кызматташуу багытындагы меморандумга кол коюлду.

Андан сырткары ОшМУнун Бизнес паркынын негизинде ишке ашкан 29 стартап долбоордун жеңүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды. Окуу жайдан билим алып жаткан бизнеске, ишкердүүлүк чөйрөгө кызыккан, жаңы технологияларды ойлоп тапкан, билим алуу менен өндүрүштү кошо өздөштүрүп, калкка кызмат кылууга багытталган долбоорлорго ОшМУ тарабынан фонддордон 10 миллион сом инвестиция тартылган.

Меморандумдун алкагында тараптардын кызматташтыгы бекемделип, жаңы окуу жылынан тартып бизнеске, ишкердүүлүккө кызыккан жаштар үчүн жаңыланган тренингдер уюштурулат, андан сырткары өз ара макулдашуулардын негизинде ишкердүүлүк, билим берүү, илим изилдөө, айыл чарба,  ишке орноштуруу, биргелешкен долбоорлорду жазуу сыяктуу бир топ багыттарда кызматташууну ишке ашырат.

“2022-жылдын 1-сентябрында ачылган ОшМУнун Бизнес паркы окуу жайдагы студенттерге, окутуучуларга стартаптарды иштеп чыгуу, аны жүзөгө ашырууга чейин окутуп багыт берет. Бир жыл аралыгында бизнес паркка келип түшкөн 200дөн ашуун бизнес идеялардын ичинен 29 долбоор тандалып, ишке ашты. Жаштардын ишкердигин өнүктүрүү программасы ОшМУнун Жаштар бизнес паркы тарабынан Ага Хан Фондунун жана USAIDдин колдоосу жана кызматташуусу менен ишке ашырылууда”, -дейт Бизнес парктын жетекчиси Эрлан Камалов.

Бөлүшүү

Комментарийлер