ОШМУДА БОРБОР АЧЫЛДЫ

  • 29.05.2023
  • 0

М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин  Ош мамлекеттик университетиндеги “Ломоносов” атындагы борборунун ачылыш аземине билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Орусиянын билим берүү жана илим министринин орун басары Константин Могилевский баштаган расмий делегация, жогорку окуу жайлардын ректорлору, ОШМУнун профессордук-окутуучулук курамы менен студенттер катышты.

ОШМУДА БОРБОР АЧЫЛДЫ

 

Ачылыш аземге Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий онлайн кайрылуу жасады.

Сөзгө чыккандар бул борбор кыргыз-орус билим берүү жаатындагы мамилесинин өнүгүшүнө өзгөчө имульс берип, эки өлкөнүн жождорунун арасындагы кызматташтыкты бекембей тургандыгын белгилешти.

“Ломоносов” борборунда үч багыт боюнча кош дипломдуу билим берүү программалары ишке ашат. Алар туризм (бакалавриат), эл аралык мамилелер, математика жана компьютердик илимдер, колдонмо математика жана информатика багыты боюнча магистратура программалары.

Студенттер 1-2-курсунда ОШМУда билим алышса, 3-4-курста Москва мамлекеттик университетинен билим алышып, эки окуу жайдын дипломуна ээ болушат.  Башкача айтканда борбор Москва мамлекеттик универистетинин Кыргызстандагы филиалы катары кызмат кылып, жаңы кызматташтыктардын ишке ашуусуна шарт түзөт.

Салтанаттын катышуучулары жана коноктору борбордун заманбап техникалык базасы, студенттердин жаңы технологиялар жаатындагы иштеринин көргөзмөлөрү, жаштар бизнес паркынын студенттеринин стартап долбоорлору менен таанышты.

Муну менен катар Кыргызстан менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын жетекчилери жана өкүлдөрү Кыргызстанда эки өлкөнүн жождорунун ректорлорунун III форумун өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Учурда ошму Орусиянын 70тен ашык ЖОЖдору менен кызматташат. Борбордун ачылышы тууралуу келишимге эки окуу жайдын жетекчилери 2023-жылдын 3-мартында Москвада өткөн Евразиялык университеттердин ассоциациясынын XV конгрессинин алкагында кол коюлган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер