ОШМУДА БООР АЛМАШТЫРУУ ОПЕРАЦИЯСЫ ЖАСАЛАТ

  • 15.09.2023
  • 0

ОшМУнун медициналык  клиникасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы профессор, врач-хирург, онколог  Жанек Белеков баштаган окуу жайдын клиникасынын жана эл аралык медицина факультетинин окутуучуларынан,  медициналык кызматкерлеринен турган он адис Туркиядагы Инену университетинин Тургут Озал атындагы клиникасында боор алмаштыруу боюнча атайын окутуудан өтүп жатышат. Алар дүйнөдөгү белгилүү боор алмаштыруу боюнча  дарыгер, профессор Сезай Йылмаз баштаган дарыгерлер  менен тажрыйба алмашууда.

ОШМУДА БООР АЛМАШТЫРУУ ОПЕРАЦИЯСЫ ЖАСАЛАТ

  • Клиника дүйнөдөгү акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар, технологиялар менен жабдылган. 1800 орунга ылайыкташкан заманбап клиникада биздин хирургдарыбыз иштеп, окуп жыташат. Түрк профессорлору биздин дарыгерлерге болушунча өз билимин ачык айтып, тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк беришүүдө”, -деди ОшМУнун медициналык клиникасынын директору Жазгул Иметова.

Өкмөттөр аралык келишимдин негизинде ишке ашып жаткан долбоор боюнча дарыгерлер үч ай билимин өркүндөтүшөт. Мындай тажрыйба алмашууга алдыда дагы дарыгерлерди жөнөтүү күтүлүүдө.

Тажрыйба алмашуу аракеттеринин натыйжасында,  ОшМУнун медициналык клиникасында жана учурда курулуш иши жүрүп жаткан заманбап клиникада  боор алмаштыруу сыяктуу оор операцияларды жасоо пландалууда.

ОшМУнун клиникалык базасында заманбап хирургиялык кызматты өнүктүрүү үчүн түзүлгөн долбоор боюнча 2023-жылдын август айында окуу жайдын медициналык клиникасынын директору Жазгул Иметова Түркияга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Дарыгерлердин билим берүү сапары Кыргыз Республикасынын Президенти, Саламаттыкты сактоо министрлиги, ОшМУнун жетекчилигинин колдоосунда ишке ашырылууда.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер