ОШМУда  БИЛИМ ЖАРМАНКЕСИ  

  • 23.03.2021
  • 0

Ош мамлекеттик университетинин базасында Орусия, Казакстан, Беларуссия жана башка өлкөлөрдүн университеттеринин катышуусунда билим жарманкеси өтүп жатат.

Иш-чаранын ачылуу аземине Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, жарманкеге катышып жаткан жогорку окуу жайлардан өкүлдөр, Ош шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрү, студенттер катышышты.

Абитуриенттерге жогорку окуу жайлардын билим берүү тармагындагы ар кандай техникалык, гуманитардык, агрардык, медициналык жана башка багыттары, билим алууга болгон шарттары, мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалыматтар берилип жатат.
Бул жарманке Орусия, Казакстан, Беларуссия жана башка өлкөлөрдөгү билим берүү тутумдарынын географиясын кеңейтүү, өлкөлөрдүн ортосундагы социалдык-экономикалык жана маданий кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурууда.

Жарманке Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинин базасында 23-24-март күндөрү уланат.

Бөлүшүү

Комментарийлер