БЕКЕМБАЙ АПЫШЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Белгилүү окумуштуу, педагогика боюнча ЖОЖдор жана мектеп мугалимдери  үчүн окуу китептерин, усулдук колдонмолорду кыргыз тилинде биринчи жарыкка чыгарган илимпоз Бекембай Апышевдин 90 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция педагогика жана психология факультетинде болду.

БЕКЕМБАЙ АПЫШЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Ага ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев, Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен өкүлдөр, педагогика жана психология факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты катышты.

  • Илимий-практикалык конференцияда Б.Апышевдин бейнесине арналган, анын педагогикалык ишмердүүлүгү, эмгектери боюнча докладдар окулду, — деди окуу жайдын басма сөз кызматы.

Бекембай Апышев 1974-жылы Москвадагы СССР педагогика илимдер академиясында кыргыз агартуучуларынан биринчи болуп элдик педагогиканын материалдарынын  негизинде кандидаттык диссертациясын коргогон алгачкы окумуштуу. 1993-жылы профессор наамына ээ болгон. Педагогика илими боюнча бир топ баалуу китептердин автору.  Б.Апышев педагогика илимине ийгиликтүү салым кошуу менен ОшМУнун өнүгүшүнө да зор пайдасын тийгизген.

Фархат Каныбеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер