ОШМУДА АРАП АНАРБАЕВ АТЫНДАГЫ АВТОРДУК КААНА АЧЫЛДЫ

  • 08.04.2021
  • 0
ОШМУДА АРАП АНАРБАЕВ АТЫНДАГЫ АВТОРДУК КААНА АЧЫЛДЫ

7-апрелде ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде профессор Арап Анарбаев атындагы тарыхый-автордук каана ачылды.

ОшМУ менен жашташ, сапарлаш болгон профессор Арап Анарбаев  1986-жылдан 1992-жылдарга чейин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору кызматын  аркалаган. Бул жылдары институттун  кадрдык  потенциалы,  материалдык-техникалык  базасы, окуу-методикалык, илимий-изилдөө иштеринин деңгээли жаңы баскычка көтөрүлгөн. Анын натыйжасында 1992-жылы Педагогикалык  институту  университет  макамына ээ болгон.

Профессор Арап Анарбаев өмүр жолунда окутуучулуктан тартып, билим берүүдөгү баардык кызматтык тепкичтерди басып өткөн. Оштогу бир нече жогорку окуу жайларында кафедра башчы, бөлүм башчы, декан кызматтарын да аркалаган. 1984-жылы кандидаттык диссертациясын коргоп, философия илимдеринин кандидаты деген илимий даражасына ээ болгон.  Учурда университеттин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде магистрант, аспиранттарга  жетекчилик кылып, бай тажрыйбасы менен бөлүшүп келет. Бир нече окуу-усулдук китептердин жана илимий эмгектердин автору. Агай жубайы менен эки уул, эки кызды татыктуу тарбиялап, балдары атанын жолун жолдоп билим берүү тармагында эмгектенип келишет.

Тарыхый-автордук каанада  профессор Арап Анарбаевдин өмүр жолу, ишмердүүлүгү, окуу жайды жетектеп турган мезгил аралыгында аткарылган  иштери тууралуу материалдар, сүрөт баяндар камтылган.

2019-жылдын сентябрында ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божоновдун демилгеси менен окуу  жайды жетектеген ректорлордун тарыхый-автордук аудиторияларын түзүү жөнүндө жобо кабыл алынган. Негизги максаты окуу жайды жетектеген ректорлордун эмгегин баалоо, алардын ишмердүүлүгүн жаштарга таанытуу болуп саналат.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер