ОШМУДА “АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ” АЧЫЛДЫ

  • 03.11.2022
  • 0

ОШМУДА “АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ” АЧЫЛДЫ

Окуу жайдын Индустриалдык-педагогикалык колледжинде Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган “Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү” долбоорунун алкагында “Алдыңкы тажрыйба борбору” ачылды.

Аземде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Азия Өнүктүрүү Банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Канокпан Лао-Арая онлайн байланыш аркылуу куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев,  ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышты.

ОШМУДА “АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ” АЧЫЛДЫ

Борбордун 1-кабатында окуу-өндүрүштүк комплекс үчүн тигүү цехтери,  программалык жабдуу менен камсыздоочу өндүрүштөр орун алган. Экинчи кабатында региондордогу колледждерден билимин жогорулатуу үчүн келген мугалимдер, конок лекторлор, академиялык мобилдүүлүк багытында келген студенттер үчүн конок бөлмөлөр бар. Ал эми калган бөлүгүндө студенттер үчүн жатакана жайгашкан.

“Долбоорго кирген эки адистиктин мисалында окууга киргенден баштап, ишке орноштурууга чейин жакшы схеманы көрсөтө турган моделди даярдап жатабыз. Бүгүн окуу жайда теория менен практиканы бирге алып кете турган атайын өндүрүш кошо иштеп жатат. Мында тигүү, программалоо адистиктеринде билим алган  биздин студенттер бир эле мезгилде окуу-өндүрүш комплексинде, окуу менен катар практикалык көндүмдөрдү айкалыштыра алат. Анда даярдалган өндүрүштөр ОшМУнун фирмалык дүкөнүнө сатыкка чыгат. Бул жалпы аймак үчүн мыкты борбор болот деп ишенем”,-деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

ОШМУДА “АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУ” АЧЫЛДЫ

Иш-чаранын 2-бөлүгүндө колледжде пилоттук негизде окутулган ишкердүүлүктүн негиздери курсунун алкагында студенттер кол өнөрчүлүк, кулинария багытында өздөрү жасаган эмгектерин жарманкеге коюшту.

2018-жылы ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбооруна кирген. Алдыңкы тажырыйба борборунда студенттер компетенттүүлүк негиздерге таянып окутулуп, сапаттуу билим берүү чөйрөсү түзүлүп, башкарууда, финансылоодо жогорку көрсөткүчтөргө жетишет. Учурда Индустриалдык-педагогикалык колледжи жалпы 32 ишкана менен кызматташуу меморандумуна кол койгон. Андан сырткары Өзгөн, Кара-Суу, Араван районундагы айыл өкмөттөрү менен меморандум түзүлгөн, программалоо адистигинде билим алган студенттер аймактардын санариптештирүү иштеринин алдыга жылышына колдоо көрсөтүүдө.

Алдыңкы тажрыйба борборлору ОшМУда гана эмес өлкөдөгү долбоорго кирген 8 колледжде бир убакта онлайн аркылуу ачылды.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер