ОШМУ ЖЕҢИШ ЫРЛАРЫН ЖАҢЫРТТЫ

  • 08.05.2020
  • 0

7-майда Ош мамлекеттик университети Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине карата “Жеңиш ырларынын” парадын эки саатка жакын түз эфирде Фейсбук баракчасы жана Ютуб каналы аркылуу өткөрдү.

ОШМУ ЖЕҢИШ ЫРЛАРЫН ЖАҢЫРТТЫ

Онлайн парадга университеттин студенттери тарабынан даярдалган согуш, жеңиш, тынчтык жөнүндөгү ырлардан, чыгармалардан көркөм окуу, обондуу ырларды ырдоо, чыгармалардан монологдорду аткаруу боюнча тартылган видеолор  катышты. Ошондой эле студенттер “Өлбөс полкко” көзү өтүп кеткен чоң аталарынын сүрөттөрүн көрсөтүп, алардын басып өткөн өрнөктүү жолун, согуштагы эрдиктерин айтып, бүгүнкү бейпил жашоо үчүн аларга ыраазычылык билдирип, таазим кылышты.

ОШМУ ЖЕҢИШ ЫРЛАРЫН ЖАҢЫРТТЫ

“Мекен үчүн, бүгүнкү биздин жаркын жашообуз үчүн канчалаган адамдардын каны төгүлгөн, жаны кыйылган. Ал эрдиктердин унутта калуусуна жол бербей, улам кийинки жаштарга жеткирүү биздин негизги атуулдук парзыбыз. Бүгүнкү Жеңиш ырларынын онлайн парадын өткөрүүбүздүн негизги максаты аралыктан болсо да студенттерибизге бул Жеңиштин маанилүүлүгүн сездирүү, андагы жоокерлердин эрдигин даңазалоо, тылдагы эмгекчилерибиздин Жеңиш үчүн салымын баалоо, мекенибизди сүйүп, аны ыйык тутуп коргоого үндөө болуп эсептелинет. Ош мамлекеттик университетинин миссиясында белгиленгендей, биз келечекке өз кесиби боюнча компетенттүү кесипкөй жана мекенчил жаштарды тарбиялоону милдет кылабыз. Ошондуктан бул багыттагы иш-чараларды  токтотпостон бүгүнкү дүйнө жүзүндө болуп жаткан пандемиялык кырдаалда аралыктан байланышуу каражаттары аркылуу мекенчилдикке тарбиялаган иш-чараларды үзгүлтүккө учуратпастан өткөрүп жатабыз”, — дейт өз сөзүндө окуу жайдын ректору К.Кожобеков.

Эскерте кетсек, 4-майда окуу жайда “Согуш жылдарындагы кыргыз элинин каармандыгы” деген темада онлайн студияда маек өткөрүлүп, ага Улуу Ата мекендик согуштун ардагери, 100 жаштагы Баткен районунун тургуну Ашир Рахматов, Россиянын Томск мамлекеттик архитектуралык курулуш университетинин доценти,  тарых илимдеринин кандидаты, Кыргызстандын Томск шаары жана областы боюнча ардактуу консулу Абдуманапов Рустам, Кыргыз улуттук университетинин проректору Садык Алахан, ОшМУнун чыгыш таануу жана тарых факультетинин деканы Сабыркул Арстанов катышып, ютуб каналы аркылуу түз эфирден студенттердин суроолоруна жооп беришкен.

“Жениш ырларынын” парадын #ОшМУ_Жеңиш_парады хештеги аркылуу ОшМУнун Фейсбук баракчасы жана Ютуб каналынан жана https://youtu.be/2CXmw8Hw02w  шилтемеси аркылуу көрсөңүздөр болот. Ал эми  https://youtu.be/U31A7bLJ6bg шилтемесинен “Жеңиш ырларынын” парады тууралуу жаңылык менен тааныша аласыз.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер