ОшМУ ЖАНА КТМУ “4 ЖЫЛДЫЗДУУ” УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН КАТАРЫНДА

  • 07.06.2024
  • 0
Ош мамлекеттик университетине жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетине дүйнөдөгү алдыңкы QS Quacquarelli Symonds уюмунун QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде 4 жылдыз ыйгарылды. 
QS Stars комплекстүү баалоонун жыйынтыгында ОшМУ – билим берүү (Teaching) жана ишке орноштуруу (Employability), КТМУ – ишке орноштуруу (Employability) жана глобалдык катышуу (Global Engagement) критерийлери боюнча эң жогорку 5 жылдызга ээ болду.
QS Stars – 8 түрдүү категориядагы 30 көрсөткүчтү колдонуу менен университеттерди баалаган көп өлчөмдүү рейтинг системасы.
Айгерим Токтобай кызы
Бөлүшүү

Комментарийлер