ОШМУ ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖдору МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 15.02.2023
  • 0

ОШМУ ВЕНГРИЯНЫН ЖОЖдору МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон сапарынын алкагында Кыргызстандагы 18ге жакын жогорку окуу жайларынын ректорлору, анын ичинде ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган бир катар иш-чараларга катышты. 

Иш-чаралардын алкагында ректор Кудайберди Кожобеков Венгриянын ELTE (Eötvös Loránd University) университетинин жетекчилиги менен жолукту. Эки университет ортосунда билим берүү жаатындагы эл аралык мамилени чыңдоо, тажрыйба алмашуу, студенттердин академиялык мобилдүүлүк программасы багыттарында кызматташуу келишимине кол коюшту.

Бөлүшүү

Комментарийлер