ОШМУ ТҮРКИЯНЫН МЕДИЦИНА ИЛИМДЕРИНИН УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 16.05.2022
  • 0

Кызматташуу меморандумуна ОшМУнун ректору  Кудайберди Кожобеков, Түркиянын Медицина илимдеринин университетинин ректору Джевдет Эрдол кол койду.

ОШМУ ТҮРКИЯНЫН МЕДИЦИНА ИЛИМДЕРИНИН УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТМеморандумда эки өлкөнүн жогорку окуу жайлары окутуучулaрды, изилдөөчүлөрдү, студенттерди aлмaшуу, биргелешкен билим берүү, илимий изилдөө долбоорлору, кыскa мөөнөттүү билим берүү, илимий прогрaммaлaрын ишке ашыруу, биргелешкен конференция, семинaр жaнa илимий отурумдaрды, конок лекцияларды уюштуруу сыяктуу бир топ маселелер камтылган.

Түркиянын Медицина илимдеринин университети чет өлкөдө билим берүү кызматын көрсөтүүгө ыйгарым укук алган жалгыз мамлекеттик университет болуп саналат. Университеттин беш институту, 19 факультети, алты адистештирилген мектеби, 37 илимий изилдөө борборлору бар.

Бөлүшүү

Комментарийлер